«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө купуялуулук саясаты
1. КИРИШҮҮ

1.1. Ушул купуялуулук саясаты "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын (мындан ары – Лотерея) өткөрүүнүн алкагында алынган анын катышуучуларынын жеке маалыматтарын пайдалануу эрежелерин билдирет

1.2. "Салык чек" мобилдик тиркемесин колдонуу жолу менен Лотереяга катышууда Катышуучу ушул купуялуулук саясатына жана Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун берет.

1.3. Ушул Купуялуулук саясаты "Салык чек" мобилдик тиркемесине карата гана колдонулат.

1.4. Катышуучу "Салык чек" мобилдик тиркемесине катталып жатканда Лотереяны өткөрүү максаттары үчүн маалыматты, анын ичинде Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору тарабынан иштелип чыгуучу жеке маалыматтарды ыктыярдуу түрдө берет.

1.5. Лотереянын Оператору "Салык чек" мобилдик тиркемесине каттоодо Катышуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт.

2. КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ПРЕДМЕТИ

2.1. Ушул Купуялуулук саясаты Лотерея Операторунун “Салык чек” мобилдик тиркемесине каттоодо Катышуучу тарабынан берилген жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жана купуялуулукту коргоо режимин камсыздоо боюнча милдеттерин белгилейт.

2.2. Ушул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар Катышуучуга каттоо формасын толтуруу жолу менен берилет жана өз ичине төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

2.3. Лотереянын Оператору өзүнүн Катышуучуларынын геолокациясы жөнүндө маалыматты Лотерея өткөрүлүүчү аймакка карата коюлган талаптарды сактоонун алкагында чогултат.

2.4. Жогоруда айтылбаган ар кандай башка жеке маалыматтар (колдонулган браузерлер жана операциялык тутумдар ж.б.) ишенимдүү сакталат жана жайылтылбайт.

3. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЫКМАЛАРЫ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ

3.1. Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу ар кандай мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында жүзөгө ашырылат.

3.2. Катышуучунун жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте гана берилиши мүмкүн.

3.3. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун жеке маалыматын мыйзамсыз же кокустан кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөт коюудан, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт

4. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУНУН МАКСАТТАРЫ

4.1. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун жеке маалыматтарын төмөнкү максаттарда пайдалана алат:

5. КОШУМЧА ШАРТТАР

5.1. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун кошумча макулдугу менен анын Лотереяга катышканы тууралуу, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү, ага тете башка маалымат каражаттары үчүн жарнамалык интервью ала алышат же бул үчүн кандайдыр-бир сый акы төлөбөстөн ар кандай жарнамалык материалдарды даярдоо үчүн катышуучуну тарта алышат. Бул учурда өзгөчө укук объектилеринде пайда болгон бардык автордук укуктар (кайра чыгарууга, жайылтууга, эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга, эфирге берүүгө, кабель боюнча жалпыга маалымдама үчүн билдирүүгө, которууга жана кайра иштетүүгө) Лотереянын Уюштуруучусуна жана Операторуна таандык болот.