Лотереянын максаты

Лотереянын негизги максаты – жарандардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу жана контролдук-кассалык машинаны колдонуучу салык салуу субъекттерин элдик контролдоону мобилизациялоо жолу менен көмүскө экономиканын секторун кыскартуу.

Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМди колдонуунун социалдык-экономикалык мааниси жөнүндө коомдук пикирди өз убагында жана туура калыптандыруу – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр катары жарандардын өз кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча укуктук маданиятын тарбиялайт.

ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын бузган салык салуу субъекттерин аныктоо ККМди колдонуу эрежелерин сактоо тартибин жогорулатат.

Жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМдин чектерин талап кылуу жигердүүлүгүн өнүктүрүү мыйзамсыз бизнес менен күрөштү күчөтөт.

Бардык чаралар биригип өлкөбүздүн өнүгүшүнө жол ачат!

Лотереянын эрежелери

Жеке керектөөлөр үчүн гана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган, 18 жашка толгон жеке жак/керектөөчү лотереянын катышуучусу боло алат.

Лотереянын катышуучусу лотереянын шарттарынын талаптарына ылайыктыгын талдоо үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана лотереяны Уюштуруучу жана Оператор тарабынан аларды пайдаланууга, ошондой эле Уюштуруучудан жана Оператордон лотереяга тиешелүү кат-кабарды (СМС, электрондук билдирүү) алууга макулдук берет.

Бир жолу утуп алган катышуучу Лотереянын андан аркы өткөрүү мезгили ичинде кийинки утуштарга катышуу укугунан ажырайт – бул чектөө көбүрөөк катышуучуга утуп алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында каралды.

Ыйгарым укуктуу салык органынын базасына келип түшкөндүгү жөнүндө ырастама алган (кабыл алынган статусуна ээ болгон) сканерленген контролдук-кассалык чектердин суммалары ID номерге алмаштырылат, 1000 сом = 1 ID номер.

Утуштун 2023-жылдын 26-июнунан тартып 1-июлуна чейин, 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин ойнотуу мезгилинде ID-номерлерди ыйгаруу токтотулат.

Ошол эле учурда, ушул күндөрү кассалык чектер сканерлене берет.

2023-жылдын 1-июлунда башкы байгелерди ойнотууда биринчи турдун катышуучуларына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү үчүн, 2023-жылдын 30-июнунда 23:59:59дан кийин, 2023-жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин сканерленген кассалык чектер үчүн ID номерлерди ыйгаруу ишке ашырылат.

Биринчи тур аяктагандан кийин катышуучулардын топтогон бардык ID номерлери жокко чыгарылат, экинчи турга катышуу үчүн номерлерди ыйгаруу 2023-жылдын 2-июлунан тартып башталат.

Демек, экинчи турдун катышуучуларына 2023-жылдын 30-декабрында башкы байгелерди ойнотууда экинчи турдун катышуучуларына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү үчүн, 2023-жылдын 29-декабрында саат 23:59:59дан кийин, 2023-жылдын 25-декабрынан 29-декабрына чейин сканерленген кассалык чектер үчүн ID номерлерди ыйгаруу ишке ашырылат.

Эгерде катышуучу утушка ээ болуу максатында Лотереяга катышуу үчүн ири суммадагы акчаны өз алдынча коротууну чечсе, Уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

Лотереяны Уюштуруучунун жана Оператордун кызматкерлерине Лотереяны ойнотууга катышууга тыюу салынат.

Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына тиешелүү кайрылуулар жана дооматтар тиешелүү утуштун жыйынтыктары аныкталган датадан тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде жасалышы мүмкүн. Лотереяны өткөрүүгө карата кайрылууларды жана дооматтарды кароо мөөнөтү жана анын жыйынтыктары аларды алган учурдан тартып 30 календардык күндү түзөт.

Apple Inc Лотереянын демөөрчүсү эмес.

Кантип лотереянын катышуучусу болууга болот

Play Market же Apple Store аркылуу “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу жана Лотереянын шарттарына жана купуялык саясатына маалыматтык макулдук берүү керек.

Каттоо жана авторизациялоо жол-жобосунан өтүү (ЖИН, “Салык чек” тиркемеси орнотулган телефон номерин көрсөтүү, иш жүзүндө жашаган регионду/районду тандоо, өз паролун коюу).

Андан кийин “Салык чек” тиркемесинин сканери менен алынган кассалык чектин QR-кодун сканерлөө, сканерден өтпөгөн учурда кассалык чектин суралган маалымдаректерин кол менен киргизүү керек.

Лотереяга катышуунун шарттары

Лотереяга катышуунун зарыл шарты Лотереянын шарттарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган талаптарды сактоо болуп саналат.

Фискалдык модулу бар, техникалык талаптарга жооп берген, ККМдин реестрине киргизилген, ыйгарым укуктуу салык органынын ККМди башкаруу системасында катталган ККМдин контролдук-кассалык чектери сканерленүүгө/катталууга тийиш.

“Сатуу” операциясы түрүндөгү гана контролдук-кассалык чектер сканерленүүгө/катталууга тийиш.

Төмөнкүлөрдүн кызматтары үчүн берилген кассалык чектер катталууга/сканерленүүгө жатпайт:

Ушул ККМ катталган ишкердик субъектинин өзүнө же анын кызматкерлерине же субъекттин жетекчисине контролдук-кассалык чектерди сканерлөөгө/каттоого тыюу салынат.

Топтолгон ID номерлерди башка адамга берүүгө болбойт.

Эгерде, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз адам жеңүүчү деп таанылса, анын атынан утушту алуу укугу анын мыйзамдуу камкорчусуна (көзөмөлчүсүнө) берилет.

Катышуучу тарабынан ушул Шарттарды бузуу фактысы аныкталган учурда, анын андан аркы катышуусу жокко чыгарылат, катышуучуга анын катышуусун жокко чыгаруунун себеби жөнүндө "Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу билдирилет.

Бардык утуштар видеокамерага жазылат.

Лотерея системасы кандай иштейт

Сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин ыйгарым укуктуу салык органынын базасына келип түшүү фактысы автоматтык түрдө текшерүүдөн өтөт.

Лотерея системасы ыйгарым укуктуу салык органынын базасынан кассалык чекти таппаган учурда, аны 24 саат өткөндөн кийин кайра сканерден өткөрүү зарыл.

Эгерде 24 саат өткөндөн кийин лотерея системасы сканерден өткөрүлгөн кассалык чекти таппаса, катышуучу “Салык чек” тиркемеси аркылуу тиешелүү даттанууну жөнөтө алат.

Кол менен терип киргизилген катталган кассалык чектердин ыйгарым укуктуу салык органынын базасына келип түшүү фактысы автоматтык түрдө текшерүүдөн өтөт.

Утушка ээ болгон ID номерлерди аныктоо кокустук сандардын онлайн генератору – Интернет тармагында ачык жеткиликтүү болгон рандом системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Түшүндүрмө: Рандом системасы - (онлайн түрүндө утуштарды өткөрүү сервиси) тандап алуу ыкмасы менен берилген диапазондон туш келди сандарды түзүүгө жөндөмдүү.

Ошол эле учурда, алдын-ала түзүлгөн номерлерди аныктоо мүмкүн эмес. Сандар атайын аппараттык түзүлүш же алгоритм аркылуу түзүлөт, андыктан алдын ала божомолдоого болбойт.

Утуштун белгилүү бир номерге түшүшү кокустуктун гана иши болуп саналат жана аны эч ким жөндөй албайт/эсептей албайт.

Лотерея ойнотууда утуш оюну башталганга чейин утуштун жыйынтыгын алдын ала аныктоого мүмкүндүк берген жол-жоболор жана алгоритмдер колдонулбайт.

Утушка ээ болгон ID номерлер утуш оюну учурунда бөгөттөлөт.

Лотереяны өткөрүү мезгилдери

Лотереянын утушу 2 этапта өткөрүлөт:

Утуш оюндары 5 күн катары менен ойнотулат.

Күн сайын 234 байге ойнотулат, алар:

Ушул 5 күндүн ичинде жалпы 1170 баалуу байге ойнотулат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процесси көз карандысыз комиссиянын көзөмөлү астында Мамлекеттик салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 2023-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында башкы байгелер ойнотулат, алар:

Жалпысынан бул күнү 13 даана баалуу байге ойнотулат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процесси көз карандысыз комиссиянын көзөмөлү астында УТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эгерде утуштун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча Лотереянын шарттарын жеңүүчү бузгандыгынын себеби боюнча ойнотулбаган утуштар калып калса, анда алар Лотереянын экинчи этабында ойнотулат.

Утуш оюндары 5 күн катары менен ойнотулат.

Күн сайын 234 байге ойнотулат, алар:

Ушул 5 күндүн ичинде жалпы 1170 баалуу байге ойнотулат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процесси көз карандысыз комиссиянын көзөмөлү астында Мамлекеттик салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 2023-жылдын 30-декабрында УТРКнын телестудиясында башкы байгелер ойнотулат, алар:

Жалпысынан бул күнү 23 даана баалуу байге ойнотулат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процесси көз карандысыз комиссиянын көзөмөлү астында УТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эгерде Лотереянын жеңүүчүсү ушул Шарттарды бузгандыгынын себеби боюнча ойнотуунун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча ойнотулбаган утуштар калып калса, анда Уюштуруучу байге фондунун калган бөлүгүн өз каалоосу боюнча тескейт.

Эгерде лотереянын утуштарынын жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде талап кылбаган жеңүүчү болуп калса, анда уюштуруучунун менчиги деп таанылат.

Лотереянын жыйынтыгын кантип билсе болот

Ар бир утуштун жыйынтыгы Уюштуруучунун расмий сайтында жарыяланат.

Ар бир жеңүүчүгө "Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу утушу тууралуу билдирүү келет.

Уткан байгелерди алуу

Сертификаттарды тапшыруу Уюштуруучу тарабынан Лотереяны ойнотуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол комиссия тарабынан берилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

Утуш байгени алуу үчүн жеңүүчү өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүшү керек.

Утуш жеңүүчүгө ушул Шарттарда баяндалган формада берилет.

Утушту алуу боюнча жеңүүчүнүн кызыкчылыгын ыйгарым укуктардын тиешелүү тизмегин камтыган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш алып барган анын өкүлү коргой алат.

Утушту алууда жеңүүчү тиешелүү милдеттенмеге жана утуш байгени кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коет.

Авто/электромобилдердин жеңүүчүлөрү Лотереяны пропагандалоо максатында утуш байге таризделген күндөн тартып алты айдын ичинде Лотереянын логотиби бар атайын чаптаманын бүтүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Утушту алуу менен байланышкан бардык чыгымдарды жеңүүчү көтөрөт.

Жеңүүчү төмөнкү учурларда утушту алуу укугунан ажырайт:

Утуш байге Лотереянын жыйынтыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдын ичинде тапшырылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 191-беренесине ылайык, жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүү үчүн жүргүзүлүүчү лотереяларга /акцияларга катышуудан алган утуштарына киреше салыгы салыбайт.

Форс-мажор

Форс-мажор – бул Уюштуруучунун эркинен көз карандысыз, бирок өз милдеттенмелерин аткарууга тосколдук жараткан күтүүсүз окуя.

Уюштуруучу эгерде бул аткарбоо ал жеткис күчтөрдүн, атап айтканда: бөөдө кырсыктар, өрттүн чыгышы, согуш аракеттеринин, тартипсиздиктердин, пандемиялардын жана эпидемиялардын, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын милдеттенмелерди аткарууну кыйындаткан ченемдик актыларынын кесепетинен болгондугун далилдей алса, ушул Шарттар боюнча милдеттенмелерин толук